www.YouCu.ru
Главные новости
20 апреля

Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт..

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл Кыргызстан Иран ислам мамлекетин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм жана маалымат технологиясына инвестиция салууга чакырды. Бишкекте 19-апрелде эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү. Иш-чара...

Подробнее 1

МЕСТО ДЛЯ ВАШЕЙ РЕКЛАМЫ

Важное за сутки
Интересные новости
Интересные новости
Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

Автор: admin от 20 апреля, просмотров 106, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл Кыргызстан Иран ислам мамлекетин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм жана маалымат технологиясына инвестиция салууга чакырды. Бишкекте 19-апрелде эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү. Иш-чара Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин эки күндүк расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Зариф ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Былтыр эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. Кыргыз-иран бизнес форумуна Жалал-Абаддын Сузак...

Подробнее 1

ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

Автор: admin от 15 апреля, просмотров 93, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

ЖККУнун Бишкектеги бейформал жыйынына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Бөлүшүңүз Принтер Пикирлерди көрүңүз Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынында Ооганстандагы террордук коркунучтун Борбор Азия чөлкөмүнө таасири талкууланды. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жамааттык коопсуздуктун чек араларын бекемдөө жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу чаралары боюнча пикир алмашты. Мындан сырткары жамааттык коопсуздук келишими уюмунун натыйжалуу иш алып баруусун арттыруу багытында сөз болуп, анын...

Подробнее 1

ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Автор: admin от 15 апреля, просмотров 87, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Бишкекте Евразия экономикалык бирлигининин кезектеги жыйыны өтүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери ЕАЭБдин учурдагы абалын талкуулап, келечекке карай бир катар документтерге кол коюшту. Бишкекке чогулган президенттер ЕАЭБ алкагында жыл башынан бери экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен чечиле элек маселелер арбын экенин ачык айтышты. ЕАЭБдин алкагында өлкө башчылары талкуулай турган маселенин чети оюла электигин тар чөйрөдөгү жолугушуу ачык көрсөттү. Президенттер белгиленген убакыттан ашык сүйлөшүп, жабык жыйында 10 маселе каралганын Алмазбек Атамбаев журналисттерге жыйындан соң айтты....

Подробнее 0

Жеңилүү ызаасын тартпаган күлүктү таптоо үчүн жылына 1 миллион сомдой каражат жумшалат Толук маалымат: https://www.super.kg/kabar/news/182655/

Автор: admin от 05 апреля, просмотров 93, МАДАНИЯТ, СПОРТ
Жеңилүү ызаасын тартпаган күлүктү таптоо үчүн жылына 1 миллион сомдой каражат жумшалат   Толук маалымат: https://www.super.kg/kabar/news/182655/

Талас районунун Талды-Булак айылындагы асыл тукум жылкы чарбасында учурда 30 күлүк тапталып жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 5-апрелде чарбанын жетекчиси Азамат Жумаев YOUCU.RU порталына билдирди. Анын айтымында, ал чарбага 2013-жылы жетекчи болуп келген. Чарба мамлекетке караштуу болгону менен мамлекетке 2 миллион карызы болгон. "Ошол жылдан бери жылкынын санын көбөйтө алган жокпуз. Анткени карызды төлөп, чарбаны дотациядан чыгаруу зарыл эле. Буюрса карыздарды төлөп бүттүк, 59 миң сом гана калды. Бизде жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар багылып, штатта 5 кызматкер бар. Өзүн-өзү каржылоочу чарба...

Подробнее 1

Футбол: Кыргызстан - Макао беттеши

Автор: admin от 28 марта, просмотров 96, СПОРТ
Футбол: Кыргызстан - Макао беттеши

Бүгүн, 28-мартта кечки саат 19:30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Макаонун футбол командаларынын беттешүүсү башталды. Эки курама команданын таймашы футбол боюнча 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоонун алкагында өтүп жатат. Оюнду КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө. Бул беттешке даярдык көрүү үчүн 23 футболчудан турган Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-марттан 26-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында машыгып келди. Бир күн мурда өткөн маалымат жыйынында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчулардын даярдыгы мыкты деп билдирди: - Футболдо...

Подробнее 0

Оштун кире беришине бийиктиги 45 метрди түзгөн флагшток орнотулду Толук маалымат: https://www.super.kg/kabar/news/181335/

Автор: admin от 25 марта, просмотров 86, МАДАНИЯТ
Оштун кире беришине бийиктиги 45 метрди түзгөн флагшток орнотулду   Толук маалымат: https://www.super.kg/kabar/news/181335/

Ош шаарынын кире беришине, Фуркат аймагына караштуу айланма жолго 25-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги орнотулду. Маалыматка таянсак, флагштоктун бийиктиги 45 метр, туунун узундугу 12, туурасы 9 метрди түзөт. Флагшток атайын монументке карматылган. Монументке Кыргыздын белгилүү инсандары Исхак Раззаков, Насирдин Исанов, Абдыкадыр Орозбеков жана Султан Ибраимовдун элеси түшүрүлгөн...

Подробнее 0

Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

Автор: admin от 24 марта, просмотров 92, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

Кытай инвесторлору өнөр-жай объектилерин Кыргызстанга которуп алып келүү маселесин изилдешүүдө. Кыргыз өкмөтү кытай инвесторлоруна өлкөдөгү токтоп турган 44 өнөр-жай ишканасын жаңылап иштетип, өндүрүштү жандандырууну сунуштаган. Бул тууралуу билдирген өнөр-жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов учурда тизмедеги ар бир өнөр-жай ишканасынын абалы жана аны ишке киргизүүнүн планы иштелип чыгып жатканын белгиледи. Анткен менен айрым көз карандысыз экономисттер муну өкмөттүн кезектеги тил эмизген куру убадасы катары кабыл алып, долбоордун...

Подробнее 0

Алмазбек Атамбаев: "БИЗ ӨЗ ҮЙҮБҮЗДҮ ӨЗҮБҮЗ ИРЕТКЕ КЕЛТИРЕБИЗ". АЖОНУН ЭЛЧИЛЕРДИН АЛДЫНДА АЙТКАН СӨЗҮ КЫЗУУ ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА Толук маалымат: https://www.super.kg/article/show/39965

Автор: admin от 20 марта, просмотров 2859, САЯСАТ, КООМ
Алмазбек Атамбаев:

– "Жамандын үйүн коногу бийлейт" деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок! Радио "Свободага" иштесек да, мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата Журтту сатпасак. Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: "Я что – баткенский, что-ли?"- деп. Булар "баткенский" да эмес, "киргизский" да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же "вид на жительство" чыкса да таң калбайм. Булар...

Подробнее 0

Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда

Автор: admin от 14 марта, просмотров 187, ЭКОНОМИКА
Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда

Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. "Цемент заводу 39,79 гектар жер аянтына курулуп жатат. Жаңы заводдун долбоордук сметалык баасы 88 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми цементти иштеп чыгаруу кубаттуулугу күнүнө 2 500 тоннага жетет. Курулуш долбоор боюнча 2018-жылдын май-июнь айларына чейин бүткөрүлүшү пландаштырылган. Курулуш мезгилинде 1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болсо, завод ишке киришсе 250 туруктуу жумуш орду түзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы. ...

Подробнее 0

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын жаңы көрүнүшүнүн эскиздери жарыяланды

Автор: admin от 14 марта, просмотров 174, КООМ, МАДАНИЯТ
Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын жаңы көрүнүшүнүн эскиздери жарыяланды

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын жаңы көрүнүшүнүн эскиздери жарыяланды. Бул тууралуу 14-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда Леонид Раппопорт атындагы аллеянын узундугу 1400 метр болот. Ысык-Көл облусу боюнча архитектор Мурат Токоев аллеяга тротуарларды, велосипед тебүүчүлөр үчүн жол куруларын белгилеген. Облус башчысы Асхат Акибаев эскиздерди көрүп, акыркы вариантын 24-мартка даярдап, долбоордун сметасын түзүүнү тапшырды. Эске салсак, өткөн жылы Ысык-Көлдүн Тамчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы...

Подробнее 0
Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013