www.YouCu.ru
» » Билимдүү акушер улутту сактайт
» » Билимдүү акушер улутту сактайт

    Билимдүү акушер улутту сактайт

    Билимдүү акушер улутту сактайт

    Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги киндик энелердин кызматын жакшыртуу боюнча стратегиялык план түзгөнү жатат.
    Кыргызстанда эмне үчүн акушердик кызмат көрсөтүү деңгээли төмөндөп кетти? Энелер менен ымыркайлардын өлүмүн кыскартуунун кандай жолу бар? Акушерлердин санын көбөйтүү зарылбы?

    “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусунда ушул тема тууралуу сөз болду. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева, Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун башкы врачынын орун басары Салтанат Назаралиева жана Кыргызстандагы акушерлердин альянсынын президенти Чынара Казакбаева катышты.

    “Азаттык”: Раиса айым, Кыргызстанда акушердик кызмат көрсөтүү боюнча стратегиялык план түзүү кандай зарылдыктан улам пайда болду? Ал план канча жылга түзүлгөнү жатат жана кандай жаңы багыттар киргизилет?
    аиса Асылбашева: Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук программасынын негизинде акушерлердин ролун күчөтүү жана сапатын жогорулатуу милдети алдыга коюлган. Бул милдетти кантип ишке ашыруу керек деген маселени эл аралык уюмдар менен бирге семинарда талкуулап жатабыз. Анын негизинде алдыдагы үч жана беш жылга эсептелген стратегиялык план түзүлөт. Ага үч багытта: билим берүү, мыйзамдык негизде жөнгө салуу жана акушердин ролун жогорулатуу боюнча милдеттер киргизилет.

    Кыргызстанда жыл сайын төрөттүн саны өсүп жатат. 2015-жылы 160 миң 144 төрөт болсо, былтыр 157 миң 840 аял төрөдү. Алардын ичинен энелердин өлүмү 30,1% түздү. Ал эми ымыркайлардын өлүмүн 23,1% азайттык. Демек акушердин кызматын жакшыртуу күн тартибинде турат.

    “Азаттык”: Чынара айым, мен кечээ ушул программага даярданып жатып, сиз менен сүйлөшкөндө акушердик кызмат көрсөтүүнү түп- тамырынан бери өзгөртүү керек, себеби бул система СССРден калган система менен иштеп жатат деп айттыңыз. Демек, альянс кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат?
    Чынара Казакбаева: Жогоруда айтылгандай эң биринчи милдет - билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу. Экинчиден, акушердин милдетин, сапатын жана кызмат көрсөтүү деңгээлин дүйнөлүк стандарттарга дал келгендей кылып өзгөртүү керек. Анткени, эне боюна болгондон баштап акушердин көз алдында болушу зарыл. Эгер акушер жакшы болсо эне менен баланын саламаттыгы да жакшы болот же алардын саламаттыгы акушердин кызматына көз каранды. Кыргызстанда мындай милдет врачка гана жүктөлүп, акушердин эмгеги экинчи планда калган. Кыргызстанда 2 миң 309 акушер бар, демек, алардын ишин жакшыртуу үчүн эмгектенүүсүнө шарт түзүү да сунушталып жатат.
    “Азаттык”: Салтанат айым, сиз иштеген Энени жана баланы коргоо боюнча Улуттук борбордо бүткүл өлкө аймагынан келген оорулуу балдар дарыланышат эмеспи. Ошолордун арасында аялдардын кош бойлуу кезинде дени сак бала төрөө үчүн зарыл талаптарды аткарбагандыгынан, төрөт убагында медициналык жакшы жардам берилбегендигинен оорулуу болуп калган балдар болсо керек. Буга жер-жерлерде акушер-гинекологдордун жетишсиздиги терс таасирин берип жатат деп айта алабызбы?
    Салтанат Назаралиева: Эненин боюна бүткөндөн баштап төрөгөнгө чейин, төрөгөндөн кийин да эне менен баланын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн эң жакын адамы акушер болот жана ушул процессте алардын эмгеги абдан зор.

    Ошон үчүн акушердин билим деңгээлин көтөрүү жана шарт түзүү милдети алдыга коюлуп жатат. Эгер акушерлердин билими, тажрыйбасы жакшы болсо врачтардын убактысын үнөмдөп, катуу оорулуулар менен иштөөсүнө жана жеке билимин жогорулатууга шарт түзүлөт. Күтүүсүз кырдаал түзүлгөн учурда врачтар менен бир команда болуп иш алып бара алат. Тилекке каршы, Кыргызстанда акушерлердин милдетине жакшы көңүл бурулбай калгандыгынан улам кейиштүү учурлар болгону чындык, бирок ага бир гана акушердин тажрыйбасыздыгы өбөлгө түзүп жатат деп айтуу кыйын. Ошол себептүү калктын саламаттыгы үчүн бардык мекеме, уюмдар жана ата-энелер жана адам өзү жооптуу.

    Бүбүкан Досалиева
    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. dle

    Похожие новости
  • HRW Текебаевдин ишине тынчсызданат
  • Балдар эми 5 күн окушат, 6-күн өкмөткө ашыкча жүк болууда
  • Ош: башкы педагогдун орду талашка түштү
  • Аскарбек Бакеев, экс-комиссардын орун басары: “Садыр Жапаров, Кумтөр сунушт ...
  • "Инвестиция келбегенине даярдыксыз жетекчилер күнөөлүү"
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013