www.YouCu.ru
Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту

    Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

    Автор: admin от 20 апреля, просмотров 10231, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

    Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл Кыргызстан Иран ислам мамлекетин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм жана маалымат технологиясына инвестиция салууга чакырды. Бишкекте 19-апрелде эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү. Иш-чара Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин эки күндүк расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Зариф ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Былтыр эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. Кыргыз-иран бизнес форумуна Жалал-Абаддын Сузак...

    Подробнее 3399

    ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

    Автор: admin от 15 апреля, просмотров 4037, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

    ЖККУнун Бишкектеги бейформал жыйынына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Бөлүшүңүз Принтер Пикирлерди көрүңүз Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынында Ооганстандагы террордук коркунучтун Борбор Азия чөлкөмүнө таасири талкууланды. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жамааттык коопсуздуктун чек араларын бекемдөө жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу чаралары боюнча пикир алмашты. Мындан сырткары жамааттык коопсуздук келишими уюмунун натыйжалуу иш алып баруусун арттыруу багытында сөз болуп, анын...

    Подробнее 766

    ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

    Автор: admin от 15 апреля, просмотров 181, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

    Бишкекте Евразия экономикалык бирлигининин кезектеги жыйыны өтүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери ЕАЭБдин учурдагы абалын талкуулап, келечекке карай бир катар документтерге кол коюшту. Бишкекке чогулган президенттер ЕАЭБ алкагында жыл башынан бери экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен чечиле элек маселелер арбын экенин ачык айтышты. ЕАЭБдин алкагында өлкө башчылары талкуулай турган маселенин чети оюла электигин тар чөйрөдөгү жолугушуу ачык көрсөттү. Президенттер белгиленген убакыттан ашык сүйлөшүп, жабык жыйында 10 маселе каралганын Алмазбек Атамбаев журналисттерге жыйындан соң айтты....

    Подробнее 4

    Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

    Автор: admin от 24 марта, просмотров 179, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

    Кытай инвесторлору өнөр-жай объектилерин Кыргызстанга которуп алып келүү маселесин изилдешүүдө. Кыргыз өкмөтү кытай инвесторлоруна өлкөдөгү токтоп турган 44 өнөр-жай ишканасын жаңылап иштетип, өндүрүштү жандандырууну сунуштаган. Бул тууралуу билдирген өнөр-жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов учурда тизмедеги ар бир өнөр-жай ишканасынын абалы жана аны ишке киргизүүнүн планы иштелип чыгып жатканын белгиледи. Анткен менен айрым көз карандысыз экономисттер муну өкмөттүн кезектеги тил эмизген куру убадасы катары кабыл алып, долбоордун...

    Подробнее 1

    Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда

    Автор: admin от 14 марта, просмотров 318, ЭКОНОМИКА
    Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда

    Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. "Цемент заводу 39,79 гектар жер аянтына курулуп жатат. Жаңы заводдун долбоордук сметалык баасы 88 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми цементти иштеп чыгаруу кубаттуулугу күнүнө 2 500 тоннага жетет. Курулуш долбоор боюнча 2018-жылдын май-июнь айларына чейин бүткөрүлүшү пландаштырылган. Курулуш мезгилинде 1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болсо, завод ишке киришсе 250 туруктуу жумуш орду түзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы. ...

    Подробнее 3

    Бүгүнтөн баштап жаңыртылган 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыкты

    Автор: admin от 01 марта, просмотров 245, КООМ, ЭКОНОМИКА
    Бүгүнтөн баштап жаңыртылган 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыкты

    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы жаңыртылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө" токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирди. 2016-жылы чыгарылган IV сериядагы жаңыртылган 50 жана 100 сом номиналындагы банкноттору төмөнкүлөрдү камтыйт:...

    Подробнее 0

    Мамлекеттик ипотека баарына бериле баштайт

    Автор: admin от 21 февраля, просмотров 82, ЭКОНОМИКА
    Мамлекеттик ипотека баарына бериле баштайт

    Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны эми жарандардын баары алууга укуктуу. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү билдирди. Март айында Каржы министрлиги Германия өнүгүү фонду менен 11 миллион евролук келишимге кол коёт, анын 10,5 миллиону ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалмакчы. Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана насыя берип келаткан. Компания өкүлдөрү ырастагандай, үй алуучулардын катары калың, андайга иштеп жаткандардын баары эле муктаж. Муну эсепке алган МИК жарандардын...

    Подробнее 0

    Кыргызстандагы үй-бүлөлүк ири бизнестердин мураскорлору кимдер?

    Автор: admin от 06 февраля, просмотров 172, ЭКОНОМИКА, ШОУ-БИЗНЕС
    Кыргызстандагы үй-бүлөлүк ири бизнестердин мураскорлору кимдер?

    Кыргызстандагы ири бренддердин көбү үй-бүлөлүк бизнес катары таанымал. Алардын мураскорлору кимдер? Бул суроого Limon.KG жооп издеген. Улугбек Салымбеков — «Дордой» ассоциациясынын финансы жана тышкы байланыш боюнча вице-президенти. «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун уулу. Эльвира Сурабалдиева — «Кудайберген» унаа базарынын башкы директору, КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы. Темирланбек Султанов — «Авангард стиль» курулуш компаниясынын президенти. Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Калыкбек Султановдун уулу. ...

    Подробнее 2

    Бишкекте доллар 69,50 сомго бааланууда

    Автор: admin от 03 февраля, просмотров 81, ЭКОНОМИКА
    Бишкекте доллар 69,50 сомго бааланууда

    Бүгүн, 3-февралда саат 8:42ге карата Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда 1 доллардын курсу 69,30 сомго (сатып алуу) жана 69,50 сомго (сатуу) бааланууда. Кечээ, 2-февралда доллардын сатып алуудагы баасы — 69,30 сом, сатууда — 69,62 сом болгон, деп маалымдайт. 1-февралда доллардын курсу 69,30 сомго (сатып алуу) жана 69,45 сомго (сатуу) бааланган....

    Подробнее 0

    "Темир жолдо" жоголгон миллиондор

    Автор: admin от 02 февраля, просмотров 63, ЭКОНОМИКА

    Эсептөө палатасы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында ири каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты. Мисалы, бюджетте каралбаса деле ишкана 33 миллиондой сомду демөөрчүлүк жардамга короткон. “Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоочу борборунун чыгашасы 24 миллион сомдон ашкан. “Кыргыз темир жолдун” учурдагы абалы өткөн айда Жогорку Кеңеште да талкууланган эле. Анда миллиондогон каражат казынага түшпөй калганы, коррупциялык айла-амалдар тууралуу айтылган, жетекчиликтин иши сынга кабылган. “Кыргыз темир жолу” каржылык мыйзам бузуулар боюнча өз жүйөсүн келтирип жатат. Чыгашалуу...

    Подробнее 0
    Назад 1 2 Вперед
Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости
Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013