www.YouCu.ru
» » Мамлекеттик ипотека баарына бериле баштайт

    Мамлекеттик ипотека баарына бериле баштайт

    Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны эми жарандардын баары алууга укуктуу. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү билдирди.
    Март айында Каржы министрлиги Германия өнүгүү фонду менен 11 миллион евролук келишимге кол коёт, анын 10,5 миллиону ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалмакчы.

    Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана насыя берип келаткан. Компания өкүлдөрү ырастагандай, үй алуучулардын катары калың, андайга иштеп жаткандардын баары эле муктаж. Муну эсепке алган МИК жарандардын баары ала турган ипотекага каражат алып келчү инвесторлорду издөөдө.

    Кредит берүүдө биринчи кезекте карыз алчулардын социалдык абалы эске алынат жана алды менен турак жайга өзгөчө муктаждар камсыз болушат.
    Бюджеттик мекемелерде иштебегендердин насыя алышы үчүн кандай шарттар каралган? Бул маселени компания ушул тапта ойлонуп жаткан чагы. Мүмкүн бюджеттик мекемеде иштебегендердин үстөк пайызы бир аз жогору болушу ыктымал. Бирок бул маселе боюнча так чечим азырынча кабыл алына элек.

    Насыяны кайтаруу үчүн, бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн белгиленгендей, 15 жылдык мөөнөттү калтыруу сунушталууда.

    Жогоруда айтылгандай, мартта Каржы министрлиги Германиянын өнүгүү фонду (KfW) менен 11 миллион евро боюнча келишимге кол коюп, анын 10,5 миллион евросу жалаң ипотекалык насыяларды берүүгө жумшалмакчы. Бул акча инвестиция катары келет.
    Мындан тышкары МИК ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып, аны сатуудан түшкөн каражаттарды да каалоочулардын баарына насыя катары берүүнү пландоодо. Компания 2017-жылы ушундай жол менен 300 - 500 миллион сом тартууну көздөп жатат. Келишим кол коюлгандан кийин каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун белгилүү жөрөлгөлөрүнөн өтүшү керек.

    Маалымат жыйынында МИК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев алгачкы насыялар быйыл жылдын аягына чейин берилип калышы ыктымал экенин билдирди.

    Кредиттин эң узагы 15 жылдык мөөнөөткө берилет деп эсептелүүдө, ал эми үстөгү 14%. МИК бир адамга үч миллионго сомго чейин насыя бөлүшү мүмкүн. Эгер кредитти эртелеп кайрып берсе, андан комиссия алынбайт, күрөөгө коюлчу мүлк насыяга алынган үй болот. Ипотеканы жаңы үй сатып алууга, өз жер тилкесине турак жай салуу үчүн да алса болору айтылды. Компания ишин баштагандан бери 991 миллион сомдук 830 кредит берди.

    Кредит алуунун шарты боюнча кенен маалыматты МИК расмий сайтынан (www.gik.kg) окууга болот.

    dle

    Похожие новости
  • "Темир жолдо" жоголгон миллиондор
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элден жардам катары которулган каражат боюнча ...
  • Төш белги: тендердеги теңсиздик
  • Кытайлыктар футболчу Криштиану Роналдуну 300 миллион еврого сатып алып, жыл ...
  • БОРШАЙКОМ КЫТАЙДА ЖАСАЛГАН ТӨШ БЕЛГИНИ ЧАНЫП ЖАТАТ...
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013