www.YouCu.ru
» » Балдар эми 5 күн окушат, 6-күн өкмөткө ашыкча жүк болууда

    Балдар эми 5 күн окушат, 6-күн өкмөткө ашыкча жүк болууда

    Кыргыз жеринде мектептер 5 күндүк иш графигинде иштөөгө өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, бул кадам мектептен билим берүүнү оптимизациялоо максатында жасалууда. Башкача айтканда, сандан сапатка өтүү аракети.

    Бул аракетти балдарды билим алуудан алыстатып, ишке түртүү катары кабыл алгандар дагы бар. Окуучулар эми 5 күн мектепке барып, 2 күн дем алышат. Бул шаарда жашаган окуучуларга ыңгайлуу болушу мүмкүн, анткени сабактан тышкары ийримдерге барууга кошумча убакыт табылганы жатат. Ал эми айыл жергесинде үй иштерин жасоого кенен убакыт болот. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат. Баш мыйзамда "Ар ким билим алууга укуктуу", "Негизги жалпы билим алуу милдеттүү" деп так жазылган. Баланын эмгекке бышып чоңойгону да жакшы, бирок балдарга билим берүүдө 1 күндүн ашыкча сезилгенин терс кабыл алгандар дагы бар. 5 күндүк иш графигине өткөрүү билим берүүгө кеткен бюджеттин чыгымын кыскартат. Ошол эле учурда мугалимдердин сабак өтүүгө каралган сааттары кыскарат, бул дагы өз учурунда нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн.

    Билим берүү тармагындагы жаңычылдыктар муну менен эле чектелбейт. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн. Бул демилге 2014-жылы эле депутат Дастан Жумабеков тарабынан сунушталып, кызуу талкууну жараткан. Депутат бул сунушун "сентябрдын башы түшүм жыйнаган маал, окуучулар ата-энесине жардам беришет. Ысык-Көлдө бул мезгилде туристтер көп болот" деп түшүндүргөн. Бирок сунушу колдоо тапкан эмес, демилге кайрадан көтөрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул демилгени колдоого алары белгилүү болду. Ошентип, балдарга билим берүүгө жумшалчу убакыт кыскартылганы жатат. Билим берүү жаатында тажрыйбасы мол депутаттар Абдувахаб Нурбаев менен Наталья Никитенко бул кыскартууга каршы экенин айтышты. Алар балдар сапаттуу билим алышы керектигин белгилеп жатышат. Бул демилгенин тагдыры парламенттин колунда, жакынкы күндөрү кайрадан талкууга түшөрү күтүлүүдө. dle

    Похожие новости
  • Ошто 70 жаштагы карыя жасалма диплом үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды
  • Ош: башкы педагогдун орду талашка түштү
  • Албек Ибраимов кайрадан Бишкектин мэри болуп шайланды
  • К. Рыспаев: «Суткалап батир бергендерге айыппул 70 эсеге көбөйдү»
  • Жаңы мыйзамды жамынган кызыкчылык
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013