www.YouCu.ru
Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту

    Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

    Автор: admin от 20 апреля, просмотров 9608, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

    Президент Алмазбек Атамбаев Ирандын премьер-министри Мохаммад Жавад Зариф менен. 19-апрель, 2017-жыл Кыргызстан Иран ислам мамлекетин айыл чарба, энергетика, тоо-кен, туризм жана маалымат технологиясына инвестиция салууга чакырды. Бишкекте 19-апрелде эки өлкөнүн ишкерлеринин форуму өттү. Иш-чара Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин эки күндүк расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Зариф ушул эле күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Былтыр эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. Кыргыз-иран бизнес форумуна Жалал-Абаддын Сузак...

    Подробнее 3026

    ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

    Автор: admin от 15 апреля, просмотров 3742, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

    ЖККУнун Бишкектеги бейформал жыйынына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Бөлүшүңүз Принтер Пикирлерди көрүңүз Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынында Ооганстандагы террордук коркунучтун Борбор Азия чөлкөмүнө таасири талкууланды. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жамааттык коопсуздуктун чек араларын бекемдөө жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу чаралары боюнча пикир алмашты. Мындан сырткары жамааттык коопсуздук келишими уюмунун натыйжалуу иш алып баруусун арттыруу багытында сөз болуп, анын...

    Подробнее 688

    ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

    Автор: admin от 15 апреля, просмотров 175, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

    Бишкекте Евразия экономикалык бирлигининин кезектеги жыйыны өтүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери ЕАЭБдин учурдагы абалын талкуулап, келечекке карай бир катар документтерге кол коюшту. Бишкекке чогулган президенттер ЕАЭБ алкагында жыл башынан бери экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен чечиле элек маселелер арбын экенин ачык айтышты. ЕАЭБдин алкагында өлкө башчылары талкуулай турган маселенин чети оюла электигин тар чөйрөдөгү жолугушуу ачык көрсөттү. Президенттер белгиленген убакыттан ашык сүйлөшүп, жабык жыйында 10 маселе каралганын Алмазбек Атамбаев журналисттерге жыйындан соң айтты....

    Подробнее 4

    Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

    Автор: admin от 24 марта, просмотров 174, САЯСАТ, ЭКОНОМИКА
    Кытай 44 ишкананын багын ачабы?

    Кытай инвесторлору өнөр-жай объектилерин Кыргызстанга которуп алып келүү маселесин изилдешүүдө. Кыргыз өкмөтү кытай инвесторлоруна өлкөдөгү токтоп турган 44 өнөр-жай ишканасын жаңылап иштетип, өндүрүштү жандандырууну сунуштаган. Бул тууралуу билдирген өнөр-жай, кен пайдалануу жана энергетика боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Кубан Мырзаканов учурда тизмедеги ар бир өнөр-жай ишканасынын абалы жана аны ишке киргизүүнүн планы иштелип чыгып жатканын белгиледи. Анткен менен айрым көз карандысыз экономисттер муну өкмөттүн кезектеги тил эмизген куру убадасы катары кабыл алып, долбоордун...

    Подробнее 1

    Алмазбек Атамбаев: "БИЗ ӨЗ ҮЙҮБҮЗДҮ ӨЗҮБҮЗ ИРЕТКЕ КЕЛТИРЕБИЗ". АЖОНУН ЭЛЧИЛЕРДИН АЛДЫНДА АЙТКАН СӨЗҮ КЫЗУУ ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА Толук маалымат: https://www.super.kg/article/show/39965

    Автор: admin от 20 марта, просмотров 11283, САЯСАТ, КООМ
    Алмазбек Атамбаев:

    – "Жамандын үйүн коногу бийлейт" деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок! Радио "Свободага" иштесек да, мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата Журтту сатпасак. Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: "Я что – баткенский, что-ли?"- деп. Булар "баткенский" да эмес, "киргизский" да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же "вид на жительство" чыкса да таң калбайм. Булар...

    Подробнее 3

    Баку Бишкекке нааразы

    Автор: admin от 07 марта, просмотров 172, САЯСАТ, ДУЙНО ЖУЗУ
    Баку Бишкекке нааразы

    Азербайжан Исламабад декларациясынын саясий компонентине кол коюудан баш тарткан Кыргызстандын позициясына таарынган билдирүү таратты. Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Карабак чыры сыяктуу конфликттердин болушу аймактын өнүгүшүнө тоскоол болору көрсөтүлгөн. "Мына ошондуктан мындай чакырыкка кошулбаган Кыргызстандын туруму бизге түшүнүксүз" деп айтылат Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси Исламабад декларациясын кабыл алууга каршы эмес экенин, болгону анын саясатташкан маселесине макул болбогонун билдирип жооп...

    Подробнее 0

    Атамбаев парламентти таркатууну колдойт

    Автор: admin от 07 марта, просмотров 166, САЯСАТ, КООМ
    Атамбаев парламентти таркатууну колдойт

    6-мартта президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында парламенттин ишмердигин сынга алды. Өз сөзүндө президент бул бийлик бутагын "мыйзам чыгаруучу эмес, ушак таркатуучу жер" деп атады. Ошондой эле президент “дагы далай лөктөрдүн кыңыр иштери ачыларын”, өзү болсо президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин спикер да, премьер-министр да болбосун айтты. Президенттин бул жолку билдирүүсүн адаттагыдай эле саясатчылар ар түрдүү талкуулап жатышат. Майрамдык иш-чарадагы саясий билдирүүлөр Президент Алмазбек Атамбаев маданият...

    Подробнее 0

    HRW Текебаевдин ишине тынчсызданат

    Автор: admin от 01 марта, просмотров 183, САЯСАТ
    HRW Текебаевдин ишине тынчсызданат

    Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы тынчсыздануу жаратканын билдирип, бийликти бул ишти ачык-айкын жана акыйкат иликтөөгө чакырды. Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон “Азаттыкка” маек курду. Хью Уильямсон: Албетте, Кыргызстандагы белгилүү саясий оппозициячыл фигуранын жекшембиде кыска убакытта драмалуу шартта кармалганы боюнча биз тынчсызданып турабыз. Медиа каражаттарындагы жана бийлик өтө чектеп ачыкка чыгарган маалыматтардан улам бул окуянын саясий өңүтү барбы деген...

    Подробнее 0

    Текебаевдин кармалышы: Леонид Маевский деген ким?

    Автор: admin от 27 февраля, просмотров 237, САЯСАТ, КООМ
    Текебаевдин кармалышы: Леонид Маевский деген ким?

    Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакка алынды. Маевский 2010-жылы “Мегаком” компаниясын сатып алуу үчүн Текебаевге бир миллион доллар бергенин айтып чыкты, бирок азырынча сөзүн бышыктаган ынанымдуу далилдерди келтире элек. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет булактардан Орусия Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин ысымы негизинен чуулгандуу, сот менен коштолгон иштерде аталганын көрүүгө болот. Маевскийдин видеодогу көрсөтмөсү 25-февралда Кыргызстандын тиешелүү...

    Подробнее 0

    Мурунку башкы прокурор Э.Сатыбалдиевдин достору менен түшкөн сүрөтү пайда болду

    Автор: admin от 06 февраля, просмотров 59, САЯСАТ, КООМ
    Мурунку башкы прокурор Э.Сатыбалдиевдин достору менен түшкөн сүрөтү пайда болду

    Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин достору менен түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөрдө пайда болду. Чүй облусунун Аламүдүн районунун соту 29-декабрда Кыргызстандын мурдагы башкы прокурорун мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу тууралуу ишин караган. Соттун чечими менен Э.Сатыбалдиев сот залынан бошотулган...

    Подробнее 0
    Назад 1 2 3 4 5 6 7 8 9 Вперед
Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости
Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013