www.YouCu.ru
» » Ош мэриясы шаардыктардын жашоосун жакшыртып, ар тараптуу камкордукка алууну көздөйт, - мэр А.Кадырбаев

    Ош мэриясы шаардыктардын жашоосун жакшыртып, ар тараптуу камкордукка алууну көздөйт, - мэр А.Кадырбаев

    Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев

    Мэр Айтмамат Кадырбаевдин куттуктоосунда: «Урматтуу мекендештер, кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!
    Жалпыңыздарды кирип келген 2017-жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Жыл тогошор мезгилде жаңы жылга ак дил, аруу тилектер менен кадам таштап жатып, аткарылган алгылыктуу иштерге саресеп салбасак болбос.
    Үстүбүздөгү жылдын 11 айында негизги капиталга 2 млрд 733 млн сомдук инвестиция тартылып, 2 млрд 903 млн сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлдү. Жыл өткөн сайын Ош шаары өзүнүн жаңы көрүнүшүнө, ажарына ээ болуп, заманбап турак үйлөрдүн, социалдык жана маданий объектилердин курулушу кучак жайып барат. Буга чейин Озгур айылында 100 орундуу “Семетей” бала бакчасы, Пятилетка айылындагы 120 орундуу бала бакча, “Кыял” бала бакчасы жана Гүлбаар-Төлөйкөн айылындагы “Тунук Наристе” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул иш-аракеттер ушуну менен токтоп калбайт. Экинчи борбор калаада башталган курулуштун революциясы дагы деле кызуу жүрүүдө.
    Мэриянын башкы максаты – шаардын чет жагында жайгашкан кичи райондордун инфраструктурасын өнүктүрүү. Үстүбүздөгү жылы оорукана, мектеп, бала бакчаларды курууну колго алдык. Ага мисал катары Ак-Тилек кичи районундагы 150 орундуу, заманбап жабдуулары менен камсыздалган комплекстүү оорукананын курулушунун башталышын атоого болот.
    А.Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка В.Ленин жана Н.Исанов көчөлөрүн бириктирген экинчи көпүрөнүн курулушу аяктап, шаардын төрт аймагынын байланыш жолу бириктирилди. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөө жаатында 30 автобус, 23 троллейбус сатып алуу, троллейбустук каттамдарды оңдоо максатында иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 30 автобус Россия Федерациясынын "Лакинск Автомобиль" заводунан алынып келип, шаардагы 12-13-каттамдарга коюлуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Аталган долбоордун жалпы баасы 8,8 млн еврону түзөт.
    Ошондой эле, Курманжан датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуу учурунда эс алуу жай жок экенин айтышкан. Аны эске алуу менен жаңы көпүрөнүн жанындагы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен “Жеңиш” багын мамлекетке кайтарып, реконструкцияланды. Учурда бул жай жаштардын сүйүктүү жайына айланды. Эс алуу жайларды көбөйтүү үчүн 2017-жылга ири долбоорлор бар. Алардын бири – дээрлик жүз жылдык тарыхы бар Токтогул Сатылганов атындагы элдик парк болсо, экинчиси – И.Раззаков атындагы эс алуу жайы.
    Шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды жаратуу максатында Токтогул паркында, шаардык стадиондо, борбордук аянтта, Жаштар, Алымбек датка скверлеринде, Раззаков көчөсүндөгү скверде Wi-Fi аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулуу жабдыктары орнотулду. 2016-жылы сүйүктүү шаарыбызга 1 млн түп гүл, 100 миң даана декоративдүү бадал жана дарактардын көчөттөрү отургузулду.
    Мындай ийгиликтүү иштер жол тармагында да аткарылып, ирригация, тазалык, жашылдандыруу, таза суу менен камсыздоо, жылуулук, курулуш, спорт, маданият тармактарында да ири долбоорлор аткарылып жатат.
    Ош шаардык мэриясынын башкы максаты – шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу менен ар тараптуу камкордукка алуу. Бул багытта да көп иштер аткарылып жатат. Быйылкы жылы шаардын негизги көчөлөрү 3 миңден ашуун жаңы светодиоддуу лампалар менен жарыктандырылды. Ал эми, эски үлгүдөгү чырактар ички жолдорго орнотулду. Светодиоддуу лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда электр энергиясын 3,5 эсе үнөмдөйт. Буга чейин шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу үчүн болжол менен жылына 14 млн сом акча каражатын жумшасак, жаңы электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу менен жылына болгону 4 млн сом акча каражаты жумшалат.
    Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын алкагында ишкердүүлүккө жол ачуу, чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу өндүрүштү көтөрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында көптөгөн жумуштар ишке ашат. Алдыбызда шаарыбызды өнүктүрүү, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо, улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө милдеттери турат. Биз ал максаттарыбыздын аткарылышына терең ишенебиз.
    Кадырлуу тарыхка бай, ордолуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары, жаңы жылда мамлекетибиз бакубат өлкөлөрдүн катарында болуп, ошондой эле кичи мекенибиз болгон Ош шаарыбыздын өнүгүүсүнө бараандуу салымыңыздарды кошооруңуздарга терең ишенип турам. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап туруучу да, мамлекеттин негизги өзөгүн түзүүчүсү да – эл.
    Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын. Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкерлик түбөлүккө орносун. Жалпыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун», - деп айтылат.

    dle

    Похожие новости
  • «Курманжан датка» тасмасынын жаратуучулары Токтогул мамлекеттик сыйлыгына к ...
  • 2016: Маймыл жылынын негизги жыйынтыктары
  • Жаңы мыйзамды жамынган кызыкчылык
  • "Инвестиция келбегенине даярдыксыз жетекчилер күнөөлүү"
  • Кыргызстан-АКШ: кызматташтыкка чейрек кылым
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013