www.YouCu.ru
» » Ошто спорттук медештер менен Көчмөндөр оюндарына активдүү катышкандар сыйланды

    Ошто спорттук медештер менен Көчмөндөр оюндарына активдүү катышкандар сыйланды

    30-декабрда Ош шаарында республикалык, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерге катышып, алдыңкы орундарды багындырган спортчулар Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

    Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев маданият жана спорт өлкөнү дүйнөгө тааныта турган тармак экенин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалады, деп билдирди мэрия.
    «Биз сыймыктануу менен айта алабыз. Силер өлкөнүн намысын коргоп, Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытып, көтөрүп жатасыңар. Силерге жараткан күч-кубат берсин! Кийинки жыл мындан да жемиштүү жылдардан болсун», - деди А.Кадырбаев.
    Бул иш-чараны утурлай ушул жылдын 3-8-сентябрында Кырчын жайлоосунда өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этномаданият фестивалына активдүү катышкандыгы, чыгармачылык демилгеси жана уюштуруучулук иш аракеттери үчүн мекеме-ишканалар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
    «Ош шаары “Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалынан 7 диплом алып, ийгиликтер менен кайтышкан. Ашпозчулар улуттук тамак-аш боюнча баш байгени багындырса, жигиттерибиз боз үйдү тез арада тигип, биринчиликти багындырды. Бул шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм», - деди А.Кадырбаев.
    Улуттук тамак-аш жасаган ашпозчуларга, кол өнөрчүлөргө, улуттук саркеч кийимдерди тиккен уздарга, ыкчам боз үй тиккен шамдагай жигиттерге, майрамдык көркөм өнөрчүлөргө, тарыхый инсандарды чагылдырган чыгармачылык топко иш-чарага активдүү жана ийгиликтүү катышкандыгы үчүн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому, шаар башчысынын ыраазычылык баракчасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
    Ал эми Ош шаары «Көчмөндөр ааламы» этномаданият фестивалына катышкандыгы үчүн диплом жана 300 миң сомдук сертификат менен сыйланды. dle

    Похожие новости
  • 2017: Дүйнөлүк экономика аксаган абалдан чыгабы?
  • Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу
  • Ош мэриясы шаардыктардын жашоосун жакшыртып, ар тараптуу камкордукка алууну ...
  • Спорт-2016: Рио, көз жаш, Көчмөндөр оюну
  • "Инвестиция келбегенине даярдыксыз жетекчилер күнөөлүү"
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013