www.YouCu.ru
» » Сапар Исаков: “Карандай калпты тараткандардын бет тырмарлыгына таң калдым”

    Сапар Исаков: “Карандай калпты тараткандардын бет тырмарлыгына таң калдым”

    Социалдык тармактарда "О!" мобилдик операторунун бирдиктерин жүктөө акысынын 10 сомго кымбатташына (Бул сумма мурдагыдай 5 сом боюнча калат деп чечилди. А.Д.) президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун тиешеси бар деген маалымат таркатылууда. "Чын эле аталган дилердик компанияларга кожоюндук кыласызбы?" деген суроо менен Сапар Исаковго кайрылды. Ал төмөнкүдөй жооп берди:

    "Фейсбук баракчаларында, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мени “элди карактоочу” деп күнөөлөшүүдө. Ал жөнүндө Пекинде жүргөндө уктум. Жумшагыраак айтканда, бул карандай калп маалыматтарды таркатып жаткандардын бет тырмарлыгына таң калдым. Бул жана социалдык тармактарда мага таңууланып жаткан башка иштерге эч кандай тиешем жок. Муну мен жалган жалаа катары, мени эл алдында жаман көрсөтүү аракети катары баалайм.

    Албетте, бул жалган маалыматтардын алдына кол койгон адамдардын ысымдары ойдон чыгарылган. Фейсбукта алардын атынан аккаунттарды ачышып, кайсы бир күчтөр ушундай ыплас аракеттери менен коомчулуктун көзүн атайылап будамайлап жатышат. Өткөн дем алыш күндөрү WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу да ушундай жалган маалыматтарды таркатууну улантышты. Бул бир кезде элге таркатылуучу жалган баракчалардын мезгилин эске салат, бул жолу алар заманбап технологияларды, интернетти пайдаланып жатышат.

    Жалпыга жеткиликтүү мейкиндикте таркатылып жаткан ушундай чындыкка коошпогон маалыматтар, көө жабуулар жана жаманатты кылуу аракеттери менин ар-намысыма жана мамлекеттик кызматкер катары беделиме шек келтирүүдө. Ошондуктан мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып, сотко арыз берүү тууралуу ойлонуп жатам. Бирок, тилекке каршы, жалган маалыматтарды таркатып жаткандардын ысымдары ойдон чыгарылган анонимдүү ысымдар болуп, бул ыплас иш үчүн жоопкер адамды так аныктоо кыйын болуп жатат. Албетте, акыл-эси толук адам же абройлуу ЖМК бул сандырак маалыматты таркатмак эмес.

    Ооба, биз демократиянын эң башкы принциптеринин бири болгон сөз эркиндигин сыйлайбыз жана колдойбуз, бирок ал өзүм билемдикке алып келбеш керек. Эркиндик менен бирге жоопкерчилик да болушу керек го деп ойлойм". dle

    Похожие новости
  • Ош: башкы педагогдун орду талашка түштү
  • Атамбаев Пекинде темир жол курулушун талкуулайт
  • Президенттин күчтүү кадрына чабуулдар башталдыбы?
  • Мигранттын дарылануусу бекер болбойт
  • "Инвестиция келбегенине даярдыксыз жетекчилер күнөөлүү"
  • Комментарии

    Viagra Paypal Generic Kamagra Cheap Can You Drink Alchol Wiht Amoxicillin

    Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013