www.YouCu.ru
» » Албек Ибраимов кайрадан Бишкектин мэри болуп шайланды

    Албек Ибраимов кайрадан Бишкектин мэри болуп шайланды

    Бүгүн, 11-январда Бишкектин мэрин шайлоо өттү.

    11:20. Бишкек мэрлигине талапкер Албек Ибраимов 29 добуш топтоду. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болду. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берди. Жыйынтыгында Албек Ибраимов Бишкек мэри болуп шайланды.

    11:10. Бишкек мэрлигине талапкерлерге добуш берүү процедурасы аяктады. Жалпысынан 43 депутат добуш берди. Учурда талапкерлердин канча добуштан топтогонун эсептөө жүрүүдө.

    11:00. Бишкектин мэрлигине талапкерлерге добуш берүү өтүп жаткан залда сырттагы митингчилердин кыйкырыктары угулууда. Алар "Бишкек Ибраимовду колдойт!", "Бишкек Ибраимов менен!" деп кыйкырышууда. Митинг саат 9:00дө башталган.

    10:40. Бишкек мэрин шайлоодо депутаттар добуш берип жатышат. Анын жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттардын баары залдан чыгып кетишти. Буга чейин алар фракция кимге добуш берерин алдын ала чечкенин билдиришкен. Фракциянын депутаттары кезеги менен добуш берүүгө катышууда.

    10:30. Бишкек мэрин шайлоодо депутаттар добуш берүүгө өтүштү. Процедура башталар алдында аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү журналисттерден сыртка чыгууну суранды. Мындай суранычын ал журналисттер депутаттарга тоскоолдук жаратып жатышканы менен түшүндүрдү.

    10:20. Шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев фракциялар талапкерлердин программалары менен таанышып бүткөнүн айтты. Андан соң ал добуш берүүгө өтүүнү суранды. "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары талапкерлерге сөз сүйлөөгө 5 мүнөттөн берүү керектигин билдиришти. "Биз эмнени жашырып жатабыз? Талапкерлер өз программалары менен журналисттерди, шаардыктарды тааныштырсын. Эгер бир талапкер сүйлөгүсү келбесе, экинчисине мүмкүнчүлүк берели", - дешти "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары.

    КСДП менен "Республика-Ата Журт" фракцияларынын депутаттары бул демилгеге каршы чыгышты. "Азыр добуш берүүгө өтсөк туура болот. Мыйзам боюнча, азыр эч кандай агитация болбош керек. Жөн эле пиар аракеттерин токтотолу", - деп чакырышты коалицияга кирген депутаттар.

    Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кайым атышууну токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү суранышты.

    10:10. Бишкек мэрин шайлоо мамлекеттик гимнди угуу менен башталды. Шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев эгер шайлоодо талапкер 23төн кем эмес добуш топтосо, ал жеңүүчү деп табыларын эскертти. dle

    Похожие новости
  • Бишкек мэрлигине талапкерлер “Сентябрь” телеканалында таймашат
  • Шаардык кеңеш ишкерлерден куралды
  • Бишкек мэрин шайлоо: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Албек Ибраимовго атаанда ...
  • Башкы аянтта майрамдык салют атылып, коомдук унаалар саат 02:00гө чейин ишт ...
  • Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Канатбек Мүзүралиев шайланды
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013