www.YouCu.ru
Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту

    ЕАЭБдеги Кыргызстандын өкүлдөрү кимдер?

    Автор: admin от 06 февраля, просмотров 68, САЯСАТ, КООМ
    ЕАЭБдеги Кыргызстандын өкүлдөрү кимдер?

    Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдан бери мүчө. Кыргыз өкмөтү Евразиялык экономикалык комиссияда Кыргызстандын квотасы менен ар кандай кызматка дайындалган айрым адамдар жогорку бийлик өкүлдөрүнүн туугандары деген дооматты четке какты. Министрлер кабинети тандоодо тааныш-билиштикке жол берилбесин, адистер атайын сынак менен гана дайындаларын билдирди. Анын алдында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев комиссияда Кыргызстандан барган айрым жарандардын президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тааныштары менен тууганчылык байланышы бар деп айтып чыккан...

    Подробнее 0

    Эл аралык террордук уюмдарды каржылоо боюнча коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөнгө шектелип Ош облусунун тургуну кармалды

    Автор: admin от 03 февраля, просмотров 74, САЯСАТ, КООМ
    Эл аралык террордук уюмдарды каржылоо боюнча коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөнгө шектелип Ош облусунун тургуну кармалды

    Кечээ, 2-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин террорчулукка каршы иш-аракетинин натыйжасында эл аралык террордук уюмдардын биринин каржыланышын уюштурууга шектелип Кыргыз жараны, Ош облусунун тургуну 1984-жылкы З.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди. "З.К. 2012-жылы Египет жана Сирия диний окуу жайларында окуп жүрүп, эл аралык террордук уюмдарынын жетекчилери менен жакындашканы аныкталды. Ал ошол эле жылы уюмдардын мүчөлөрү менен араб өлкөлөрүнүн биринде террордук уюмдарды каржылоо боюнча коммерциялык иш-аракетин жүргүзгөн. 2015-жылы январь...

    Подробнее 0

    Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

    Автор: admin от 03 февраля, просмотров 48, САЯСАТ, КООМ
    Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

    Бишкекте 22 жаштагы жигит токмоктолуп ооруканага түштү. Жабырлануучу тарап аны сабагандар милиция кызматкерлери экенин айтып чыкты. Окуя тартылган видео интернетке тарап, соцтармакта отургандардын нааразылыгын жаратууда. Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы алгач мушташка Чүй облустук милиция кызматкерлери аралашкан деген маалымат таратып, кийинчерээк аны четке какты. Азыркы тапта окуяга тартип сакчылары аралашканбы, же жокпу деп териштирүү жүрүп жатат. Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыккан эки адам ага кирип бараткан жигитти себепсиз сабаганы тартылган видео 1-февралда интернетке тараган. Аны...

    Подробнее 0

    Депутаттар өкмөт башчыны отставкага кетүүгө чакырышты

    Автор: admin от 02 февраля, просмотров 59, САЯСАТ
    Депутаттар өкмөт башчыны отставкага кетүүгө чакырышты

    Сооронбай Жээнбеков. Жогорку Кеңештеги бүгүнкү өкмөттүк саат учурунда премьер-министр Сооронбай Жээнбенковго сын айтылып, анын отставкасы тууралуу сөз козголду. Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай тууралуу маалымат берди. Фракция лидерлери эки сааттык жыйында маселе толук каралбай калганын айтып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчынын парламентарийлердин суроолоруна жооп берүү убактысын узартууну сунуштады. Бирок Жээнбеков түштөн кийин башка жыйындары бар экенин белгилеп, эки аткаминердин ортосунда кайым айтышуу болду. Текебаев өкмөт...

    Подробнее 0

    ЕАЭБ экономиканы артка тартууда

    Автор: admin от 02 февраля, просмотров 53, САЯСАТ
    ЕАЭБ экономиканы артка тартууда

    ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен товар жүргүртүү 16 пайызга төмөндөгөн. Кыргыз өкмөтүнүн Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин уюмдагы Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү жогорулайт деген үмүтү акталбай турат. Расмий маалыматтарга ылайык, аталган биримдиктеги өлкөлөр менен товар жүргүртүү 16 пайызга төмөндөгөн. Кыргызстан башкы өнөктөш деп эсептеген Орусия менен товар жүгүртүү 2015-жылга салыштырмалуу жети пайыз ылдыйлаган. Тактап айтканда 2015-жылы товар жүгүртүүнүн суммасы 1 млрд 312 миллион доллар болсо, өткөн жылы 958,0 миллион долларды түзгөн. Ал эми...

    Подробнее 0

    Текебаев Атамбаевден байлыгы тууралуу маалымат сурайт

    Автор: admin от 31 января, просмотров 166, САЯСАТ
    Текебаев Атамбаевден байлыгы тууралуу маалымат сурайт

    Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге расмий кайрылуу жолдоп, байлыгы тууралуу маалыматты сурайт. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңеште өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Текебаев Атамбаевдин буга чейин көп айткан “байлыкты мага кудай берген” деген сөзүн сындап, быйылкы “Ыйман жылында” байлыгын кантип топтоп жатканын сурамакчы: -“Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор” деген фирмалары бар экен. Бирок мен иликтесем, ал ишканаларда Атамбаевдин бир да акциялык пайызы жок экен. Эң чоң акционер Черных деген адам жүрөт. Балким ал Кыргызстандын...

    Подробнее 0

    Сапар Исаков Президенттик аппараттын башчысына биринчи орунбасар болду

    Автор: admin от 31 января, просмотров 172, САЯСАТ
    Сапар Исаков Президенттик аппараттын башчысына биринчи орунбасар болду

    Сапар Исаков Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгону расмий кабарланды. Мурда Исаков аппарат башчынын орунбасары рангында Тышкы саясат бөлүмүн жетектеген. Буга чейин Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары кызматын аркалап келген Аалы Карашев 30-январда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат болуп барган. (SE)...

    Подробнее 0

    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элден жардам катары которулган каражат боюнча толук маалымат берүүдөн качууда

    Автор: admin от 30 января, просмотров 162, САЯСАТ
    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элден жардам катары которулган каражат боюнча толук маалымат берүүдөн качууда

    16-январда "Манас" Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан конуштун үстүнө кулаган учак 39 адамдын өмүрүн алып кетти. Балдарды жетим калтырып, ондогон үй-бүлөнү оор жоготууга учураткан кырсыктан жабыркагандарга акчалай каражат берип, жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бирдиктүү эсеп ачкан. SUPER.KG порталы аталган министрликке кайрылып, акча которгон адамдардын тизмесин берип турууну сунуштаган. Министрликтен берилген билдирүү боюнча бүгүнкү күндө каражаттын суммасы 31 миллион сомдон ашты. Калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны эсепке алынып жатабы,...

    Подробнее 0

    "Мегаком": УКМК менен "Ата Мекендин" тиреши

    Автор: admin от 30 января, просмотров 118, САЯСАТ

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Мегаком” уюлдук операторуна байланыштуу 2010-2012-жылдардагы коррупциялык иштерди тергөөнү өз колуна алганын маалымдады. Ошону менен атайын кызмат Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылганы үчүн ошол кездеги юстиция министринин милдетин аткаруучу, азыркы Жогорку Кеңеш депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иштерин да тергей турганын билдирүүдө. Ал арада "Ата Мекен” партиясынын лидерлери УКМКнын “Белизгейт” боюнча айыптоолору толугу менен төгүндөлгөнүн айтып чыкты. Кайрадан калкыган "Мегаком" чатагы УКМКнын 27-январда тараткан билдирүүсүндө...

    Подробнее 0

    Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келиши мүмкүн

    Автор: admin от 30 января, просмотров 122, САЯСАТ
    Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келиши мүмкүн

    Режеп Тайып Эрдоган. Бөлүшүңүз Принтер Пикирлерди көрүңүз Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн. Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Ибрагим Жунусов Эрдогандын Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен 27-январда жолугушуп, ушул маселени талкуулашты. Жунусов “Азаттыкка” билдиргендей, быйыл Кыргызстанда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда. Ошонун алкагында Эрдогандын Бишкекке келиши күтүлүп жатат. Азырынча так датасы анык эмес. -Башкы кеңешчи менен сүйлөштүм. Алар жакын арада Эрдогандын Кыргызстанга сапары жөнүндө толук маалымат...

    Подробнее 0
    Узнайте о строительстве дома и что же такое бесшовные трубы
Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости
Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013