www.YouCu.ru
» » Футбол: Кыргызстан - Макао беттеши
» » Футбол: Кыргызстан - Макао беттеши

    Футбол: Кыргызстан - Макао беттеши

    Бүгүн, 28-мартта кечки саат 19:30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Макаонун футбол командаларынын беттешүүсү башталды. Эки курама команданын таймашы футбол боюнча 2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоонун алкагында өтүп жатат. Оюнду КТРКнын Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө.

    Бул беттешке даярдык көрүү үчүн 23 футболчудан турган Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-марттан 26-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында машыгып келди. Бир күн мурда өткөн маалымат жыйынында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчулардын даярдыгы мыкты деп билдирди:
    - Футболдо жарым жылга жакын тыныгуу болду. Ошондуктан бардыгы футболду сагынып калышты жана жакшы оюнду көрсөткөнгө даяр. Командабызда болууну каалаган оюнчулардын бардыгы катарда,- деди Крестинин.
    Макаонун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Жозеф Там Иао Сан жеңишке жетүү үчүн бүткүл күч- аракетин жумшай турганын айтты:

    - Азия кубогуна тандоо оюндары биздин команда үчүн эң маанилүү. Ага кошумча бул биринчи оюн жана негизгилердин бири. Даярдык жакшы деңгээлде өттү. ФИФА рейтингинде биз Кыргыз Республикасынын курама командасына салыштырмалуу төмөнкү катардабыз. Бирок ал көрсөткүч бизге жолтоо болбойт деп ишенем. Бардыгын оюн көрсөтөт. Бул квалификация биз үчүн чакырык. Ар бир оюнда колдон келген аракетибизди жасайбыз,- деди Жозеф Там Иао Сан.
    Мелдешке сириялык рефери Масуд Туфаели башкы калыстык кылат. Ага Мазен Зазфон жана Хусам Алхамад Алфри жардамдашат.
    ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргызстан 125, Макао 184-катарда.
    Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.
    Бул мелдештер ушул жылдын 28-мартында башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Тандоо оюндарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылга белгиленген финалдык беттешке жолдомо алышат.
    Кыргызстандын улуттук командасынын курамы:
    Кыргыз футболчулары ак түстөгү, дарбазачы болсо кызгылт форма менен ойнойт. Макао оюнчулары жашыл кийимчен, дарбазачысы сары кийимчен оюнга чыкты.
    Дарбазачылар: Матяш Павел («Мазия», Мальдив), Кашуба Валерий («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»);
    Коргоочулар: Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Виктор Майер («Эммен», Голландия), Ильяз Алимов («Алай»), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (бардыгы«Абдыш-Ата»), Азамат Байматов («Аль-Риффа», Бахрейн), Дэниэл Тэго («Дордой»);
    Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков («Егирдиспор», Түркия), Фархат Мусабеков («Алмалык», Өзбекстан), Эдгар Бернхардт («Роденхаузен», Германия), Авазбек Откеев, Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (бардыгы «Дордой»), Ахлидин Исраилов («Днепр», Украина), Муролим Ахмедов («Алай»), Антон Землянухин («Сукхотай», Таиланд);
    Чабуулчулар: Виталий Люкс («Унтерхахинг», Германия), Мирлан Мурзаев («Ушакспор», Түркия). dle

    Похожие новости
  • АФК Кубогунун тандап алуу оюнунда "Дордой" Ош шаарында Тажикстандын "Хос ...
  • Футбол: Ошто “Дордой” менен түркмөндөрдүн “Балкан” командасы беттешет
  • "АЗИЯ МIX"– ЧЕМПИОН!
  • Спорт-2016: Рио, көз жаш, Көчмөндөр оюну
  • Кыргыз волейболчулары Азиянын аймактык чемпиондугунда күмүш байге алды
  • Добавить комментарий
    Полужирный Наклонный текст Подчеркнутый текст Зачеркнутый текст | Выравнивание по левому краю По центру Выравнивание по правому краю | Вставка смайликов Вставка ссылкиВставка защищенной ссылки Выбор цвета | Скрытый текст Вставка цитаты Преобразовать выбранный текст из транслитерации в кириллицу Вставка спойлера

    Запрещено использовать не нормативную лексику, оскорбление других пользователей данного сайта, активные ссылки на сторонние сайты, реклама в комментариях.

Фото новости
Событие дня
Новые статьи
20 апреля Бишкек Тегерандан инвестиция күтөт

15 апреля ЖККУну тынчсыздандырган Ооганстан коркунучу

15 апреля ЕАЭБ: экономикада жылыш, чек арада тоскоолдук

Топ новости

    Powered by Asyluulu YouCu.ru © 2013